Өндүрүш

Өндүрүш

Жогорку сапаттагы дары каражаттарды өндүрүү

BERLIN-CHEMIE, MENARINI Groupтун философиясына ылайык, жогорку сапаттагы дарылык продукциянын ультра-заманбап жана коопсуз өндүрүшүнө кепилдик берет.

Berlin-Chemie AG дарылык каражаттарды өндүрүүнүн байыркы традициясына ээ жана жогору мотивделген, эң сонун окутулган өндүрүштүк бригадасына жетишкен.

Биз дарылардын катуу формаларын (пленкалуу кабык менен жабылган таблеткалар, таблеткалар, капсулалар), суюк формаларын (эритмелер жана тамчылар), ошондой эле Берлиндеги Adlershof жана Britz өндүрүштүк базаларында инфузиялар үчүн эритме суюктуктарды чыгарабыз.

Бул өндүрүштүк базалар эң жогорку технологиялык стандарттар боюнча толук модернизацияланган жана бизге натыйжалуу жогорку сапатуу препараттарды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Эң жогорку стандарттарга туура келген жаңы блок Адлерсхоф (Adlershof) базасында 2000-жылы инфузиялар үчүн суюк эритмелерди өндүрүү үчүн орнотулган. 2001-жылы пероралдуу колдонуу үчүн суюктуктарды өндүрүү боюнча жаңы бөлүм ишке киргизилген.

Таблеткаларды, капсулараларды жана кабык менен жабылган таблеткаларды таңгактоо үчүн 11 өндүрүштүк линиялары менен заманбап өндүрүштүк корпусу 2003-жылдын апрель айында ачылган.

339 кызматкерлердин жардамы менен бир жылда 270 миллионго жакын дарылардын таңгактары чыгарылат. Бул препараттар ооруларды дарылоо үчүн бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулат.

Ошондой эле биз башка фармацевтикалык компаниялар үчүн биздин командадан атайы ноу-хау сунуш кылабыз. Эгерде, Сиздерде кандайдыр бир суроолор бар болсо, төмөнкү телефондор боюнча биз менен байланышыңыз:

Тел.: +996 312 - 30 60 81

+996 312 – 30 61 42

+996 312 – 30 61 38

Факс: +996 312 - 30 61 85


ИЗДӨӨ