Left menu

Маалыматтардын купуялуулугунун саясаты

Биздин компанияга кызыкчылыгыңызды тааныткандыгыңыз үчүн биз ыраазыбыз жана биздин веб-сайтка киргенде сиздин жеке маалыматтарыңыздын корголушуна карата өзүңүздү коопсуз сезишиңизди каалайбыз. Жекече алып караганда, биз Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо боюнча жалпы жоболорду (МКЖЖ) тутабыз. 

BERLIN-CHEMIE AG Компаниясы (Берлин-Хеми АГ) www.berlin-chemie.kg (мындан ары: вебсайт) вебсайтта сиздин маалыматтарыңызды иштетүүгө карата контроллер болуп саналат. Контроллер жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, кириш маалыматтарды карагыла. Маалыматтарды коргоо боюнча биздин ыйгарым укуктуу өкүлүбүз менен төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот: A. Menarini Research & Business Service GmbH, Datenschutzbeauftragter, Glienicker Weg 125, 12489 Berlin же электрондук катты төмөнкү дарек боюнча жөнөтүңүз: dpo.germany@berlin-chemie.de.

Биз сиздин жеке маалыматтарыңыздын корголушуна олуттуу мамиле кылабыз. Жеке маалыматтар- бул дал далдаштырылган дал далдаштырыла турган, аты-жөнү, дареги жана электрондук дарек сыяктуу жеке жакка тиешелүү  бардык маалыматтар.  Сиз биздин сайтка кирген  учурда, биз маалыматтардын купуялуулугун коргоонун эрежелерине ылайык иштетип  жаткан жеке маалыматтарды жыйнайбыз. Бул маалыматтарды биз жарыкка чыгарбайбыз же уруксаты жок үчүнчү жакка берилбейт.    

биз сиздин маалыматтарыңызды веб-сайтыбыздын ишине зарыл болгон учурда гана же аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдө, же мыйзам боюнча сактоого мажбур болгон учурларда гана сактайбыз.

Бул маалыматтардын  купуялуулук саясатынын жардамы менен сизге сиз биздин сайтка кирип жаткан учурда  биз  жыйнаган маалыматтар жөнүндө жана бул маалыматтар кантип колдонула тургандыгы жөнүндө кабарлагыбыз келди.  

Бул онлайн-сунуш 16 жашка чейинки балдарга багытталбайт.

Биздин веб-сайтка кирип жатканда иштетилүүчү маалыматтар

Биздин сайт маалымат алуу максатында гана колдонулган учурда, б.а. сиз каттабасаңыз же башкача бир түрдө маалыматтарды бизге сунуштабасаңыз, анда биз сиздин браузер биздин серверге берген жеке маалыматтарды гана иштетебиз. Эгерде сиз биздин веб-сайтыбызды көргүңүз келсе, биз ошол учурда биздин веб-сайтты сиз үчүн чагылдырып көрсөтүү үчүн техникалык жактан зарыл болгон жана веб-сайттын стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздаган төмөнкү маалыматтарды жыйнайбыз (укуктук негиз болуп МКЖЖ (f) 6 (1)-беренеси  саналат):

  • IP дарек;
  • Кирүүнүн датасы жана убактысы;  
  • Гринвич (GMT) боюнча орточо убакытка карата саат алкактарынын айырмасы;
  • Сурактын мазмуну (конкреттүү сайт);
  • Жетүүнүн статусу/ HTTP кодунун абалы;
  • Ар бир учурда берилүүчү маалыматтардын саны; е;
  • Сурак жасалган веб-сайт;
  • Браузер;
  • Операциялык система жана анын   интерфейси;
  • Браузер үчүн программалык камсыздоонун тили жана версиясы;

 

Маалыматтар 7 күн мезгил бою сакталып турат, андан кийин автоматтык түрдө өчүрүлөт 

Сookie файлдарын колдонуу

МКЖЖ 6 (1) (f) беренесинин негизинде  биз «cookie»  файлдарын вебсайтты оптимизациялоо үчүн биздин веб-сайтта колдонобуз. Cookie файлдары – бул биздин веб-сайтка киргенде браузериңиз тарабынан автоматтык түрдө түзүлгөн жана сиздин түзмөгүңүздө (мисалы, ноутбук, планшет, смартфон)  сакталган чакан тексттик файлдар.  Атайын колдонулган түзмөкко байлагныштуу пайда болгон маалымат cookieфайлында сакталат.  Бул биз сизди түздөн-түз далдаштыра алабыз дегенди билдирбейт.  Cookies  файлдарды пайдалануу биздин кызматтарды колдонуу сиз үчүн жагымдуураак болгонго арналган. Мисалы, биз сеанстардын  cookies файлдарын сиз биздин веб-сайттын айрым баракчаларына мурунтан киргениңизди билүү үчүн колдонобуз.   Мындай cookie файлдары автоматтык түрдө сиз веб-сайттан чыкканда өчүрүлөт.

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн биз ошондой эле сиздин түзмөгүңүздө белгилүү мезгил сакталган убактылуу cookie  файлдарын колдонобуз. Эгер сиз биздин кызматтарды колдонуу максатында  кайрадан биздин сайтка кирсеңиз, сайт бардыгын кайра киргизип убара болбоо үчүн дароо сиз биздин сайтка мурунтан киргениңизди жана сиз кандай кирүүлөрдү  ишке ашырганыңызды жана кандай жөндөөлөрдү тандаганыңызды  таанып билет.  

Мындан башка  биз cookie файлдарды сиз үчүн биздин кызматтарды оптималдаштыруу жана сиз үчүн атайын иштелип чыккан маалыматты чагылдыруу максатында веб-сайтыбызды колдонуунун статистикалык каттоосу жана талдоосу үчүн колдонобуз. Бул cookie  файлдары биздин веб-сайтка киргенден кийин кайра киргендиги тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул cookie файлдар автоматтык түрдө белгилүү бир  убакыт аралыгынан кийин жок кылынат.

Браузерлердин көбү автоматтык түрдө cookie  файлдарын кабыл алышат. Сиз браузериңиздин ырасталышын бир дагы cookies файлдар сиздин түзмөгүңүздө сакталбагандай кылып, же жаңы cookie файл орнотулаардан мурун билдирүү пайда болгондой кылып өзгөртө аласыз.  Cookies файлдарын толугу менен деактивдештирүү сиз биздин сайттын бардык функцияларын толук көлөмдө колдоно албай калышыңызга алып келиши мүмкүн.  

Байланыш учурунда маалыматтарды иштетүү

Сиз байланыш формасын колдонуп, төмөнкү маалыматты берип, биздин өнүмдөр жана кызматтар тууралуу суроо бере аласыз: мисалы, атыңыз жана электрондук дарегиңиз. Байланыш формасын колдонуу ыктыярдуу болуп саналат.

Сиз биз менен электрондук почта аркылуу байланыш түзгөндө, биз сиздин суроолоруңузга жооп бергендей кылып,  сиз берген маалыматты сактап коёбуз (мисалы, сиздин электрондук дарегиңиз, мүмкүн, атыңыз жана телефон номуруңуз.

Биз сиз берген маалыматты сиз менен байланышып, баарлашуу үчүн сактап коёбуз (укуктук негиз  - берене  6 (1) (f) МКЖЖ).

Эгер сиз бизге биздин дары каражаттарыбыздын мүмкүн болгон кыйыр таасири тууралуу маалымат берсеңиз, биз мыйзам боюнча бул маалыматтарды иштетип сакташыбыз керек (укуктук негиз  - берене  9 (2) (i) МКЖЖ).

Биз бул контекстте алынган маалыматты мындай маалыматты сактоонун зарылчылыгы жок болуп калганда өчүрөбүз же сактоо жөнүндө мыйзамдык милдеттерге ылайык маалыматты иштетүүнү чектейбиз.

Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу)

Бул веб-сайт биздин веб-сайтты колдонууну туруктуу түрдө жакшыртуу жана талдоо үчүн  1600 Amphitheatre Parkway, Mountain View, CA 94043, США. Мы используем Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) катталган дареги менен Google Inc. тарабынан сунушталган Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) веб-анализ кызматын колдонот. Статистиканы алуу бизге кызматтарды жакшыртууга жана сиз үчүн аларды колдонуучу катары кызыктуураак кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жеке маалыматтар АКШга берилген өзгөчө жагдайлар үчүн Google  ЕБ-АКШ купуялуулукту коргоо боюнча программаны сунуштаган https://www.privacyshield.gov/EU-US-Framework. Google (Universal) Analytics колдонуу үчүн укуктук негиз болуп берен  6 (1) (f) МКЖЖ саналат.

Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) тарабыңыздан веб-сайтты колдонууну талдоого мүмкүнчүлүк түзгөн, сиздин компьютериңизде сакталган тексттик файлдар – cookie файлдар сыяктуу ыкмаларды колдонот.   Бул веб-сайтты сиздин колдонгонуңуз тууралуу маалымат кадыресе АКШдагы Google серверине берилет жана ал жакта сакталат.  Бирок IP – дарек бул сайтта жашыруун болгондо, анда  IP – дарек  өлкөлөр - Европа Биримдигин мүчөлөр ичи же Европалык экономикалык аймак тууралуу Конвенцияга кол койгон башка тараптар арасына чейин кыскарат. Жалгыз гана өзгөчө учурларда толук IP-дарек АКШдагы Google серверине берилет жана ал жерде кыскарат.  Google Analytics  алкагында сиздин браузериңиз менен жөнөтүлгөн жашыруун  IP-дарек башка  Google маалыматтар менен бириктирилбейт.  

Сиз ошондой эле веб-сайтты тарабыңыздан колдонуу боюнча cookies  аркылуу алынган маалыматтарды  (анын ичинде IP-дарегиңизди)  Google-да чогултууну жана жөнөтүүнү, ошондой эле  Google маалыматтарын иштетүүнү төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү браузер плагинин жүктөө жана орнотуу аркылуу алдын алсаңыз болот http://tools.google.com/dlpage/gaoptout?hl=en.

Браузер плагинине альтернатива катары төмөнкү шилтеме боюнча келечекте   Google Analytics-те бул веб-айтта маалыматтарды чогултууну алдын алуу үчүн  өтсөңүз болот . Андан кийин cookie файл баш тартуу менен сиздин соңку түзмөгүңүздө сакталат. Эгер сиз өзүңүздүн cookie файлдарынзды өчүрсөңүз сизге төмөнкү шилтемеге кайрадан басууга туура келет .

Жеке маалымат алуучулар; маалыматтарды үчүнчү өлкөлөргө  берүү

Жагымсыз окуялар

Биздин өнүмдөрүбүздүн биринде жагымсыз окуялардын мүмкүн болгон учурлары тууралуу белгилүү болсо, биз мыйзам боюнча муну документтештирип, тийиштүү маалымат, анын ичинде жеке маалымат менен дүйнө жүзү боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен алмашууга, жана зарыл болсо, андан аркы баалоо үчүн билдирилген тараптар менен байланышууга милдеттүүбүз.

Укуктарды камсыздоо

Укуктарды камсыздоо же укуктарыбызды жана үчүнчү жактардын укуктарын коргоо максатында биз мындай укуктардын ээлери, кеңеш берүүчүлөр жана бийлик менен байланыш түзүшүбүз мүмкүн.

Маалыматтарды иштетүү үчүн тышкы кызмат жеткирип берүүчүлөр:

Биз кызматтарыбызды аткарууда көмөктөшкөн кызматтарды жеткирип берүүчүлөрдү колдонобуз. Бул кызмат  жеткирип берүүчүлөр сиздин маалыматтарды биздин  атыбыздан биздин нускамаларга ылайык жана биздин көзөмөл астында жалгыз гана  ушул купуялуулук саясатында баяндалган максаттарда иштетишет.   Бул кызмат жеткирип берүүчүлөр ошондой эле ЕБ чектеринен сырткары болушу мүмкүн  (мисалы, «G Suite» Google Ireland кызматы). Биз сиз берип жаткан маалыматтардын  тийиштүү түрдө Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык корголушун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөбүз. Эгер сиздин маалыматтар Европалык экономикалык аймактан тышкары жайгашкан өлкөлөргө берилсе, биз ЕБ Комиссиясы тарабынан берилген маалыматтарды коргоо жөнүндө стандарттуу жоболор, ЕБ шайкештик резолюциясы же ЕБ-АКШ купуялуулукту коргоо боюнча программа сыяктуу тийиштүү кепилдиктер аркылуу маалыматтардын тийиштүү деңгээлде корголушун камсыздайбыз.

Маалыматтардын коопсуздугу

Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды мыйзамсыз колдонуудан, жоготуудан, жок кылуудан же ыйгарым укуксуз жактардын маалыматтарга жеткиликтүүлүгүнө каршы коргоо үчүн техникалык жана уюштуруучулук коопсуздук чараларын колдонобуз. Биздин коопсуздук чараларыбыз учурдагы техникалык деңгээлге ылайык келет.

Сиздин укуктарыңыз жана байланыш маалымат

Жалпы укуктар

Сиз жөнүндө сакталган берилиштер  жөнүндө маалыматтарды сурасаңар болот жана жалпы жана машина менен окууга мүмкүн болгон форматта сиз берген маалыматтарды алууга укуктуусуз.  Мындан башка негизделген учурларда сиз ошондой эле маалыматтарыңызды өчүрүүнү, оңдоочу же маалыматтарыңызды иштетүүдө чектөөлөрдү сурансаңыз болот. Эгер сиздин жеке маалыматтарыңыз ЕБнен сырткары, тийиштүү коргоону камсыз кылбаган өлкөгө берилсе, сиз жеке маалыматтардын тийиштүү корголушун ишке ашырган келишимдин көчүрмөсүн же башка кепилдиктердин талап кылууга укуктуусуз..

Каршы болууга укук

Мындан башка негизделген учурларда сиз биздин мыйзамдуу кызыкчылыктарыбыздын негизинде сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетип жатканыбызда жеке маалыматтарды иштетүүгө каршы чыга аласыз  (бул эгер укуктук негиз  берене 6 f) МКЖЖ юридикалык негиз катары билдирилсе, орун алышы мүмкүн).

Бул өзгөчө Google (Universal) Analytics  аркылуу талдоо жана маркетинг максатында  сиздин маалыматтарыңызды иштетүүгө, ошондой эле биздин кызыкчылыктарга ылайык биздин жөнөтмөлөрдү алууга тиешелүү.

Сиздин макулдугуңуз жөнүндө сын пикир

Эгер сиз биздин веб-сайтты колдонуу жана аны менен байланыштуу кызматтардын контекстинде жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду берсеңиз, сиз бул макулдукту каалаган убакытта келечек үчүн күчкө кирүүсү менен жокко чыгара аласыз. 

Байланыш маалымат

Бул укуктарды пайдалануу үчүн биздин маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүбүзгө кайрылгыла. Сиз жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча биздин маалыматтардык коргоо боюнча кызматкерлерибиз менен байланышсаңыз болот.

Мындан башка сиз ошондой эле сизде кандайдыр бир көйгөйлөр болсо,  биз үчүн жооптуу маалыматтарды коргоо боюнча орган менен байланыша аласыз: Маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук боюнча Берлин комиссары (Berliner Beauftragte für Datenschutz und Informationssicherheit).

Маалыматтарды коргоо жөнүндө арыз 2018-жылдын 21-майында.


ИЗДӨӨ