БЕРЛИН-ХЕМИ
Ден соолукка кам көрүү үчүн арналган
БЕРЛИН-ХЕМИ - инновациялык, эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөн, туруктуу салты бар дары өндүрүүчү компания. 1992-жылдан бери БЕРЛИН-ХЕМИ бүткүл дүйнөдө иш жүргүзгөн МЕНАРИНИ Группка таандык. Ал Италиянын фармацевтикалык базарында ондогон жылдар бою лидер болуп келет. Компания 1886-жылы Неаполдо түптөлүп, башкармалыгы Флоренцияда жайгашкан. Жылдардын өтүшү менен ал бүткүл дүйнөдө иш жүргүзгөн, үй-бүлөлүк башкаруудагы фармацевтикалык компанияга айланды. МЕНАРИНИ Групптун алкагында БЕРЛИН-ХЕМИ Германия, Чыгыш Европа жана КМШ аймагында фармацевтикалык бизнеске жоопкерчиликтүү. Мындан тышкары, Берлин Группанын борбордук изилдөө аянттарынын бири.
> 5 000 жумушчу
> 30 базар
€ 1,7 миллиард сатык
Динамикалык өсүш, инновациялык медицина өнүмдөрү жана бир нече муунду өзүнө камтыган кенен тажрыйба БЕРЛИН-ХЕМИ компаниясынын соода белгиси болуп эсептелет. Биздин тарых Берлин Адлерсхофто 1890-жылы башталган. Жумушчуларыбыздын айрымдары медициналык өнүмдөрдү иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга катышкан беш муундун үй-бүлөсүнөн болот. Берлиндеги башкы кеңсебиз менен тыгыз мамиледебиз жана ага чын жүрөктөн кызмат кылабыз.
Ошол эле учурда, биз космополиттик компаниябыз. Жалпысынан, 70тен ашык өлкөдө 5 000ден ашуун адамды жумуш менен камсыздайбыз. Мындан тышкары, кесиптик окутуу ондогон жылдардан бери БЕРЛИН-ХЕМИ компаниясында салтка айланып, Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бир нече жолу сыйланган. Мындай ар тараптуулук биздин күчтүү тараптарыбыздын бири болот.
БЕРЛИН-ХЕМИнин жетишкендиктери
Акыркы жылдары, БЕРЛИН-ХЕМИ фармацевтикалык базардын өнүгүүсүнөн озуп өткөн өсүү темпине жетишти. Мындай мыкты натыйжа БЕРЛИН-ХЕМИ жана МЕНАРИНИ компанияларынын, өзгөчө инновациялык медицина өнүмдөрүн өнүктүрүүнү көздөгөн, стратегиясын ырастайт. Бул ишти жүргүзүүдө биз кеңири окутууга жана илимий сатык бөлүмүбүздүн иш сапатына өзгөчө баа беребиз. Ушул тынымсыз аракеттин натыйжасында БЕРЛИН-ХЕМИ ден соолукка кам көрүү секторунда, өзгөчө жалпы врачтардын жана адистердин арасында мыкты абройго ээ болду.
Жалпысынан, БЕРЛИН-ХЕМИ 30дан ашык өлкөгө дары каражаттарын камсыздайт жана 26дан ашык өлкөдө туунду компаниялары бар. БЕРЛИН-ХЕМИ - Чыгыш Европа жана КМШ аймагындагы алдынкы дары өндүрүүчүлөрдүн бири. Анын аймактагы тарыхый иш жүргүзүшүнөн улам, БЕРЛИН-ХЕМИ жергиликтүү базарда бир нече жылдык маркетинг тажрыйбасы, кылдат таркатуу тармагы жана Россиянын Калуга шаарындагы заманбап өндүрүш аянты менен мактана алат.