Биздин тарых

Европанын борборундагы тажрыйбасы бай фармацевтикалык өндүрүүчү

    

 

 

1890 – Kahlbaum Laborpräparate

1890-жылы, Йоханнес Кальбаум “Kahlbaum Laborpräparate” химиялык жана фармацевтикалык компаниясын түптөгөн. Эски завод бир кездерде БЕРЛИН-ХЕМИ АГ'нын Берлин Адлерсхофто жайгашкан учурдагы коммерциялык имараттарында болчу. 20-кылымдын башында эле Kahlbaum Laborpräparate 250дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылып, 1 000ден ашуун ар кандай лабораториялык химикаттарды жана алгачкы медициналык өнүмдөр өндүрүлгөн.


1927 – Schering - Kahlbaum AG - Schering AG

Компания башкармалыгы Берлин Веддингде жайгашкан Schering менен бириккенден кийин, 1927-жылы өлкөдөгү эң ири химиялык жана фармацевтикалык компаниялардын бирине таандык болуп калды жана аталышы Schering-Kahlbaum AG болуп өзгөртүлдү.

Он жыл өткөндөн кийин гана, 1937-жылы Schering AG толук өткөрүп алган соң компания бүтүндөй стратегиясын кайра оңдоп чыкты: Ошондон бери компания химиотехникалык өнүмдөрдү өндүрүү менен гана алектенбестен, фармацевтикалык өнүмдөрдү да көбөйттү.


1956 – VEB Berlin-Chemie

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Schering AG'нын Адлерсхоф заводу Совет бийлиги басып алган аймакта калган. Ошентип, кийинчерээк Герман Демократиялык Республикасында жайгашкан. Куралсыздандыруунун натыйжасында компания машина, жабдуу, лабораториялык курулуштар жана чийки заттарынан айрылат, бирок ошол эле учурда аскердик администрациянын буйрутмасы менен өндүрүш улантылат. Өнүмдүн ири бөлүгүн Совет бийлиги компенсация иретинде тартып алчу. 1948-жылы Адлерсхоф заводу улутташтырылып, мамлекеттик ишканага айланды.

50-жылдардын ортосунан баштап компания VEB Berlin-Chemie деп аталып калды. Андан кийинки жылдары мамлекеттик комания Герман Демократиялык Республикасындагы эң ири химиялык компаниялардын бирине айланды. Пенициллин, инсулин жана хлорамфениколдон тышкары, VEB Berlin-Chemie пестициддерди жана зыянкечтер менен күрөшүү каражаттарын, кийинчерээк турак-жай курулушу үчүн силикаттарды, ошондой эле текстиль жана косметикалык өнөр жай үчүн чийки заттарды да өндүрчү.


1990-ж. – BERLIN-CHEMIE Aktiengesellschaft (PLC) компаниясынын түптөлүшү

Берлин дубалы кулаарга жакын компания келечегин коопсуздоо максатында ачык акционердик коомго айландырылат. Бул багытты өзгөртүүгө да себеп болот: Ошондон бери BERLIN-CHEMIE бир гана фармацевтикалык өнүмдөр менен алектенип, өндүрүшүн эл аралык стандарттарга ылайыктады. Радикалдуу кайра куруу учурунда компания 100 миллион DM ашуун инвестиция кылган. Бириккенден кийин мурунку Treuhandanstalt жаңы түзүлгөн BERLIN-CHEMIE AG компаниясын сатууга буйрук алып, ал эл аралык тендерге коюлду.


1992-ж. – Италиянын MENARINI Group компаниясына сатуу

Эл аралык тендер процессинде Италиянын эң ири фармацевтикалык компаниясы MENARINI Group 1992-жылы BERLIN-CHEMIE AG'ны сатып алат. Компания убакыттын талаптарына жооп бериши үчүн маркетинг жана сатык бөлүмдөрүн кеңейтет. BERLIN-CHEMIE Германиянын фармацевтикалык базарында 1993-жылдан бери иштеп жатат жана 1994-жылдан бери чоң экономикалык ийгиликке жетти. Акыркы эки он жылдыкта BERLIN-CHEMIE эл аралык жана ийгиликтүү дары өндүрүүчү болуп чыкты.

Кийинки темалар