Өндүрүш жана Сапатка кепилдик

Эң жогорку сапаттагы заманбап дары өндүрүү

«МЕНАРИНИ Групп» (MENARINI Group) компаниясынын философиясына ылайык, БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) заманбап жана коопсуз фармацевтикалык өнүмдү эң жогорку сапатта чыгарууга кепилдик берет. Ага медициналык өнүмдөрдү өндүрүүдөгү ондогон жылдык тажрыйба жана демилгелүү, жогору квалификациядагы өндүрүш жамааты шарт түзөт.

Учурда Берлин Адлерсхофтогу, Берлин Бритцтеги жана Калугадагы (Россия) өндүрүш аянттарында катуу доза формалары (таблеткалар, чел капталган таблеткалар жана капталган таблеткалар), суюктуктар (сироптор жана тамчылар) жана суппозиторийлер өндүрүлөт.

БЕРЛИН АДЛЕРХОФ БЕРЛИН БРИТЦ КАЛУГА
  • Суппозиторийлер
  • Суюктуктар
  • Дарылардын бардык формаларын таңгактоо
  • Таблеткалар
  • Чел капталган таблекткалар
  • Капталган таблеткалар
  • Таблеткалар
  • Чел капталган таблекткалар
  • Капталган таблеткалар

 

Өндүрүш курулмалары толугу менен заманбапташтырылды жана акыркы технология менен жабдылган. Катуу берилгендик, ийкемдүү мүмкүндүктөр, жогорку сапаттагы стандарттар жана заманбап технологиялар жогорку сапаттагы жана таасирлүү дары өндүрүүгө кепилдик берет.

25 Таңгактоо линиясы

> > 60 Өндүрүү курулмасы

Жалпысынан 350дөн ашык жумушчу үч өндүрүш аянтында жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн бөлүгүндө ооруларды дарылоого колдонулуучу 335 миллиондон ашуун колдонууга даяр медициналык өнүмдү өндүрөт. Ошентип, БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компаниясы МЕНАРИНИ Групп (MENARINI Group) алкагында эң ири өндүрүш көлөмү менен мактана алат.

Кийинки темалар