Биздин максат
Бирге - жашоо үчүн
БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) бүткүл дүйнөдө ийгиликке жеткен МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group), бир бөлүгү болуп калгандан бери компания туруктуу өсүшкө жана ийгиликтүү кеңейүүгө жетишти. Бейтаптардын да, врачтардын да медициналык талаптарына жооп берген өнүмдөрдү чыгаруу менен БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) өз кардарларына башка тармактар менен бирге кардиология, дем алуу системасынын оорулары, диабет, подагра жана келечекте онкологиялык ооруларга каршы ар түрдүү өнүмдөрүн сунуштайт.
БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компаниясында биз кардарларыбыз менен кызматташкандыгыбыз менен сыймыктанабыз. Бул тажрыйбанын негизинде дарыны өркүндөтүүгө жана бейтаптардын жашоосун кескин түрдө жакшырта турган мүмкүндүктөрдү өнүмдөрүбүз үчүн аныктап алабыз.
Биздин максат - эл аралык жана улуттук деңгээлде башка компаниялар менен болгон өнөктөштүк жана лицензиялык келишимдерибиз аркылуу базарга жаңы медициналык өнүмдөрдү тез-тез чыгарып туруу. Бул кардарлардын көптөгөн заманбап терапевттик ыкмаларды колдонушуна жол ачат.
Мындай ийгиликтин ачкычы - БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компаниясында иштеген адамдар. Биздин жумушчулар - медициналык маркетинг чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы бар адистер.
МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) колдоосу алдында, БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компаниясынын корпоративдик стратегиялык максаттары талаада изилдеп, иштеп чыгууда жана интернационализацияда жатат. Эки стратегиянын тең максаты бүткүл дүйнөдөгү бейтаптарга алардын кыйналуусун жеңилдетүүчү инновациялык өнүмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо. БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бул корпоративдик максаттарын Германия, Чыгыш Европа жана КМШ аймактарында тынымсыз ишке ашырып келүүдө.