МЕНАРИНИ Групп (MENARINI Group)

Италиянын алдынкы фармацевтикалык компаниясы

Башкармалыгы Флоренцияда жайгашкан МЕНАРИНИ Групп (MENARINI Group) - Италиянын алдынкы фармацевтикалык компаниясы. Ал дүйнө жүзүндө 130дан ашык өлкөдө иш жүргүзөт. Өзүнүн 125 жылдан ашык тарыхы менен МЕНАРИНИ Групп (MENARINI Group) эл аралык деңгээлде таанылган сапатка кепилдик берет.

Жалпысынан МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) 17 000ден ашуун жумушчусу күн сайын инновациялык дарылоо жолдорун сунуштоого жана элдин жашоосун жакшыртууга кам көрүшөт. Компаниянын бүткүл дүйнөдөгү бир жылдык товар айлануусу 3,6 миллиард Еврону түзөт.

> > 17 000 жумушчу

> > 130 өлкө

€ 3,6 миллиард сатык

Каржылык жетишкендиктер изилдөөлөргө, инновацияга жана интернационализация негизделген эффективдүү стратегиянын, ошондой эле дарыгерлердин жана бейтаптардын талаптарын бирдей таануу жана аткаруунун натыйжасында багындырылды.

МЕНАРИНИ (MENARINI) философиясынын негизги күчү - эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу: Максаты - ден соолук секторунда инновациялык чечимдерге, фармацевтикалык өнүмдөргө жана кызматтарга алып келе турган жолдорду иштеп чыгуу.

МЕНАРИНИ (MENARINI) компаниясында сапаттын жогорку деңгээли жалпы корпорациянын стратегиясын түзөт. Корпорациянын бардык түзүмдөрү дары өндүрүү процессинин ар кайсы деңгээлине катышат: ар бир фазада, изилдөөдөн өндүрүүгө чейин, сатыктан илимий маалымат камсыздоого чейин жогорку сапатта иш алып баруу үчүн түзүлгөн уникалдуу иш тартиби камтылган эффективдүү система. Мунун баарын бир гана максатта жасайбыз: мыкты болуу.

Дүйнө жүзүндө топтун жети изилдөө борбору иштейт жана 16 өндүрүш аянтында жыл сайын 585 миллион дары чыгарылат.

МЕНАРИНИнин (MENARINI) товар айлануу жана жумушчу күч багытында туруктуу өсүшү - изилдөөгө жана интернационализацияга негизделген корпоративдик стратегиянын натыйжасында жүрүп жатат. Ушундай ой жүгүртүү да БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компаниясына пайда берет. Бул стратегияны ал тынымсыз жана ийгиликтүү алдыга жетелеп келет.

Кийинки темалар