МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) жүрүм-турум эрежелери

Бүтүндүк жана этика биздин иштин негиздерин түзөт.

МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) жүрүм-турум эрежелери биздин топту өз ишине демилгелеген баалуулуктарды көрсөтөт. МЕНАРИНИ (MENARINI) компаниясынын кызыкчылыгынды түз же кыйыр түрдө иштеп жаткан туунду компания ушул Жүрүм-турум эрежелеринде камтылган принциптерге карама-каршы эрежелерди эч качан кармана албайт.

Аракеттерибиздин негизи болгон бүтүндук жана этика тынымсыз артып жаткан ийгилигибиздин күчү жана ачкычы экенине толук ишенебиз.

Бул эрежелер барактагы сөздөрдүн жыйындысы эле эмес, директорлордун, башкаруучулардын жана жумушчулардын Италияда жана чет өлкөдө өзүн алып жүрүшүнө, ошондой эле акционерлерибизге карата эстүү аракеттердин негизинде коллективге ишенимдүү мамиле кылууга түз жана так жетектеме болот.

МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) жүрүм-турум эрежелери Топтун компаниялары дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө жайгашкан болсо да, аларга тиешелүү.

Жүктөп алуу

МЕНАРИНИ Групптун жүрүм-турум эрежелери

Кийинки темалар