Маалыматтардын купуялуулугунун саясаты

Биздин компанияга кызыкчылыгыңызды тааныткандыгыңыз үчүн биз ыраазыбыз жана биздин веб-сайтка киргенде сиздин жеке маалыматтарыңыздын корголушуна карата өзүңүздү коопсуз сезишиңизди каалайбыз. Жекече алып караганда, биз Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо боюнча жалпы жоболорду (GDPR) тутабыз.

BERLIN-CHEMIE AG Компаниясы (Берлин-Хеми АГ) https://www.berlin-chemie.kg/ (мындан ары: вебсайт) вебсайтта сиздин маалыматтарыңызды иштетүүгө карата контроллер болуп саналат. Контроллер жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, кириш маалыматтарды карагыла [ӨТҮНӨБҮЗ, КИРИШ МААЛЫМАТТАРГА ШИЛТЕМЕНИ КИРГИЗГИЛЕ]. Маалыматтарды коргоо боюнча биздин ыйгарым укуктуу өкүлүбүз менен төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот: A. Menarini Research & Business Service GmbH, Datenschutzbeauftragter, Glienicker Weg 125, 12489 Berlin же электрондук катты төмөнкү дарек боюнча жөнөтүңүз: dpo.kyrgyzstan@berlin-chemie.com.

Биз сиздин жеке маалыматтарыңыздын корголушуна олуттуу мамиле кылабыз. Жеке маалыматтар- бул дал далдаштырылган дал далдаштырыла турган, аты-жөнү, дареги жана электрондук дарек сыяктуу жеке жакка тиешелүү бардык маалыматтар. Сиз биздин сайтка кирген учурда, биз маалыматтардын купуялуулугун коргоонун эрежелерине ылайык иштетип жаткан жеке маалыматтарды жыйнайбыз.

биз сиздин маалыматтарыңызды веб-сайтыбыздын ишине зарыл болгон учурда гана же аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдө, же мыйзам боюнча сактоого мажбур болгон учурларда гана сактайбыз.

Бул маалыматтардын купуялуулук саясатынын жардамы менен сизге сиз биздин сайтка кирип жаткан учурда биз жыйнаган маалыматтар жөнүндө жана бул маалыматтар кантип колдонула тургандыгы жөнүндө кабарлагыбыз келди.

Бул онлайн-кызмат 16 жашка чейинки балдарга багытталбайт.

Биздин веб-сайтка кирип жатканда иштетилүүчү маалыматтар

Бул веб-сайтты маалыматтык максаттарда гана колдонсоңуз, б.а. сиз каттабасаңыз же башкача бир түрдө маалыматтарды бизге сунуштабасаңыз, анда биз сиздин браузер биздин серверге берген жеке маалыматтарды гана иштетебиз. Эгерде сиз биздин веб-сайтыбызды көргүңүз келсе, биз ошол учурда биздин веб-сайтты сиз үчүн чагылдырып көрсөтүү үчүн техникалык жактан зарыл болгон жана веб-сайттын стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздаган төмөнкү маалыматтарды жыйнайбыз (укуктук негиз болуп GDPR (f) 6 (1)-беренеси саналат):

IP дарек;

Кирүүнүн датасы жана убактысы;

Гринвич (GMT) боюнча орточо убакытка карата саат алкактарынын айырмасы;

  • Сурактын мазмуну (конкреттүү сайт);
  • Жетүүнүн статусу/ HTTP кодунун абалы;
  • Ар бир учурда берилүүчү маалыматтардын саны; е;
  • Сурак жасалган веб-сайт;
  • Браузер;
  • Операциялык система жана анын интерфейси;
  • Браузер үчүн программалык камсыздоонун тили жана версиясы;

Маалыматтар 7 сактоо күнү өткөндөн кийин дароо өчүрүлөт.

Сookie файлдарын колдонуу

Биз колдонгон cookie файлдары тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме [шилтеме] аркылуу окусаңыз болот. Бул жакта Сиз ошондой эле каалаган учурда cookie файлдары боюнча тууралоону өзгөртө аласыз.

Керектүү cookie файлдары веб-сайттын туура иштөөсү үчүн керектүү. Cookie файлдары – бул биздин веб-сайтка киргенде браузериңиз тарабынан автоматтык түрдө түзүлгөн жана сиздин түзмөгүңүздө (мисалы, ноутбук, планшет, смартфон) сакталган чакан тексттик файлдар. Атайын колдонулган түзмөкко байлагныштуу пайда болгон маалымат cookieфайлында сакталат. Бул биз сизди түздөн-түз далдаштыра алабыз дегенди билдирбейт. Cookies файлдарды пайдалануу биздин кызматтарды колдонуу сиз үчүн жагымдуураак болгонго арналган. Мисалы, биз сеанстардын cookies файлдарын сиз биздин веб-сайттын айрым баракчаларына мурунтан киргениңизди билүү үчүн колдонобуз. Мындай cookie файлдары автоматтык түрдө сиз веб-сайттан чыкканда өчүрүлөт.

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн биз ошондой эле сиздин түзмөгүңүздө белгилүү мезгил сакталган убактылуу cookie файлдарын колдонобуз. Эгер сиз биздин кызматтарды колдонуу максатында кайрадан биздин сайтка кирсеңиз, сайт бардыгын кайра киргизип убара болбоо үчүн дароо сиз биздин сайтка мурунтан киргениңизди жана сиз кандай кирүүлөрдү ишке ашырганыңызды жана кандай жөндөөлөрдү тандаганыңызды таанып билет.

Веб-сайттын иштөөсү үчүн маанилүү болгондуктан Сиз керектүү cookie файлдарын колдонуудан баш тарта албайсыз. Биз жеке маалыматтарды иштеп чыгууну Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 6-беренесине (1) (b) жана биздин кызматтарды сунуштоо боюнча келишимдин жоболоруна ылайык жүргүзөбүз.

Мындан башка, сиздин макулдугуңуз менен (6-беренесине (1) (а) GDPR) биз башка cookie файлдарын сиз үчүн биздин кызматтарды оптималдаштыруу жана сиз үчүн атайын иштелип чыккан маалыматты чагылдыруу максатында веб-сайтыбызды колдонуунун статистикалык каттоосу жана талдоосу үчүн колдонобуз. Бул cookie файлдары биздин веб-сайтка киргенден кийин кайра киргендиги тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул cookie файлдар автоматтык түрдө белгилүү бир убакыт аралыгынан кийин жок кылынат. Кийинки кандайдыр бир чектөө жана кесепттер болбостон каалаган учурда макулдугуңузду кайра артка алсаңыз болот. Бул үчүн cookie файлдары боюнча тууралоону өзгөртүңүз.

Браузерлердин көбү автоматтык түрдө cookie файлдарын кабыл алышат. Сиз браузериңиздин ырасталышын бир дагы cookies файлдар сиздин түзмөгүңүздө сакталбагандай кылып, же жаңы cookie файл орнотулаардан мурун билдирүү пайда болгондой кылып өзгөртө аласыз. Ошентсе да, Сиздин жабдык cookie файлдарын кабыл албаса, веб-сайтыбыздын бардык функциялары Сизге жеткиликтүү болбойт .

Байланыш учурунда маалыматтарды иштетүү

Сиз байланыш формасын колдонуп, төмөнкү маалыматты берип, биздин өнүмдөр жана кызматтар тууралуу суроо бере аласыз: Аты, фамилиясы, электрондук почтасы, телефону. Байланыш формасын колдонуу ыктыярдуу болуп саналат.

Сиз биз менен электрондук почта аркылуу байланыш түзгөндө, биз сиздин суроолоруңузга жооп бергендей кылып, сиз берген маалыматты сактап коёбуз (мисалы, сиздин электрондук дарегиңиз, мүмкүн, атыңыз жана телефон номуруңуз.

Биз сиз берген маалыматты сиз менен байланышып, баарлашуу үчүн сактап коёбуз (укуктук негиз - берене 6 (1) (f) GDPR).

Эгер сиз бизге биздин дары каражаттарыбыздын мүмкүн болгон кыйыр таасири тууралуу маалымат берсеңиз, биз мыйзам боюнча бул маалыматтарды иштетип сакташыбыз керек (укуктук негиз - берене 9 (2) (i) GDPR).

Биз бул контекстте алынган маалыматты мындай маалыматты сактоонун зарылчылыгы жок болуп калганда өчүрөбүз же сактоо жөнүндө мыйзамдык милдеттерге ылайык маалыматты иштетүүнү чектейбиз.

Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу)

Эгерде сиз бизге макулдугуңузду берсеңиз, биз биздин веб-сайтты колдонууну туруктуу түрдө жакшыртуу жана талдоо үчүн 1600 Amphitheatre Parkway, Mountain View, CA 94043, США. Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) катталган дареги менен Google Inc. тарабынан сунушталган Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) веб-анализ кызматын колдонобуз. Статистиканы алуу бизге кызматтарды жакшыртууга жана сиз үчүн аларды колдонуучу катары кызыктуураак кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Google (Universal) Analytics колдонуу үчүн укуктук негиз болуп берен 6 (1) (а) GDPR саналат (макулдук).

Google (Universal) Analytics/Google Аналитика (Универсалдуу) тарабыңыздан веб-сайтты колдонууну талдоого мүмкүнчүлүк түзгөн, сиздин компьютериңизде сакталган тексттик файлдар – cookie файлдар сыяктуу ыкмаларды колдонот. Бул веб-сайтты сиздин колдонгонуңуз тууралуу маалымат кадыресе АКШдагы Google серверине берилет жана ал жакта сакталат. Бирок IP – дарек бул сайтта жашыруун болгондо, анда IP – дарек өлкөлөр - Европа Биримдигин мүчөлөр ичи же Европалык экономикалык аймак тууралуу Конвенцияга кол койгон башка тараптар арасына чейин кыскарат. Жалгыз гана өзгөчө учурларда толук IP-дарек АКШдагы Google серверине берилет жана ал жерде кыскарат.

Сиз макулдугуңузду каалаган убакта, эч кандай чектөөлөрсүз жана келечектеги эффектсиз жокко чыгара аласыз. Бул үчүн, бул веб -сайттын колонтитулунда таба турган кукилердин жөндөөлөрүн өзгөртүңүз.

Сиз ошондой эле веб-сайтты тарабыңыздан колдонуу боюнча cookies аркылуу алынган маалыматтарды (анын ичинде IP-дарегиңизди) Google-да чогултууну жана жөнөтүүнү, ошондой эле Google маалыматтарын иштетүүнү төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү браузер плагинин жүктөө жана орнотуу аркылуу алдын алсаңыз болот

http://tools.google.com/dlpage/gaoptout?hl=en

.

Google Тэг башкаргычы

Бул вебсайтта Google Тэг башкаргычы колдонулат. Google Тэг башкаргычы - компаниялар вебсайтынын тэгдерин интерфейс аркылуу башкаруусуна арналган Google Inc. компаниясынын куралы. Google Тэг башкаргыч куралы кукилерди колдонбойт жана жеке маалыматты топтобойт. Бул курал башка тэгдерге демилге берет жана алар өз кезегинде маалымат топтошу мүмкүн. Google Тэг башкаргычы бул маалыматтарга кирбейт. Эгер деактивация домен же куки деңгээлинде орун алса, ал Google Тэг башкаргычы иштеткен көз салуу тэгдеринин баарынын ордунда калат.

Google Карталар

Бул вебсайтта Google Карталар сунуштаган кызматтарды пайдаланабыз. Бул сизге түз эле вебсайттан интерактивдүү карталарды көрсөтүүбүзгө мүмкүндүк берет жана карта функциясын ыңгайлуу колдонушуңузга шарт түзөт. Бул 6-берене (1) (f) GDPR шарттарына ылайык колдонулат.

Google Карталар функцияларын колдонуу үчүн IP дарегиңизди сактап коюу керек. Вебсайтка киргениңизде, вебсайтыбыздагы тиешелүү кичи баракчалардан сиз караган маалыматты Google алат. Бул Google сиз кирген колдонуучу аккаунтту камсыздаса да, колдонуучу аккаунту жок болсо да орун алат. Эгер Google аркылуу кирген болсоңуз, маалымат түз эле аккаунтуңузга байланыштырылат. Эгер маалымат Google профилиңизге байланыштырылышын каалабасаңыз, баскычты активдештирүүдөн мурун аккаунттан чыгышыңыз керек. Маалыматыңызды Google колдонуучу профили катары сактап, аны жарнамалоо максатында, базар изилдөөлөрү жана/же вебсайтынын талапка негизделген жасалгасы үчүн колдонот. Мындай колдонуучу профилинин түзүлүшүнө каршылык билдирүүгө укугуңуз бар; ал укуктан пайдалануу үчүн каршылыгыңызды түз Google'га жөнөтүшүңүз керек.

Google тарабынан топтолуучу жана иштетилүүчү маалымат боюнча кошумча маалыматты провайдердин купуялык боюнча эскертүүсүнөн табууга болот. Бул эскертүүлөрдөн бул боюнча укуктарыңыз жана купуялыгыңызды коргоо опциялары жөнүндө кошумча маалымат аласыз:

https://policies.google.com/privacy?hl=en-US.

Google жеке маалыматыңызды Америка Кошмо Штаттарында да иштетет жана EU-US Купуялык Калканына тапшырат, https://www.privacyshield.gov/EU-US-Framework.

Терс таасирлери/ терс окуялар

Биздин өнүмдөрүбүздүн биринде жагымсыз окуялардын мүмкүн болгон учурлары тууралуу белгилүү болсо, биз мыйзам боюнча муну документтештирип, тийиштүү маалымат, анын ичинде жеке маалымат менен дүйнө жүзү боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен алмашууга, жана зарыл болсо, андан аркы баалоо үчүн билдирилген тараптар менен байланышууга милдеттүүбүз.

Укуктарды камсыздоо

Биздин укуктарыбыздын сакталышын же биздин укуктарыбыздын же үчүнчү жактардын укуктарын коргоону камсыздоо үчүн укук ээлерине, кеңеш берүүчүлөргө (консультант) жана бийлик органдарына маалыматтарды өткөрүп бере алабыз.

Маалыматтарды иштетүү үчүн тышкы кызмат жеткирип берүүчүлөр:

Биз кызматтарыбызды аткарууда көмөктөшкөн кызматтарды жеткирип берүүчүлөрдү колдонобуз. Бул кызмат жеткирип берүүчүлөр сиздин маалыматтарды биздин атыбыздан биздин нускамаларга ылайык жана биздин көзөмөл астында жалгыз гана ушул купуялуулук саясатында баяндалган максаттарда иштетишет. Бул кызмат жеткирип берүүчүлөр ошондой эле ЕБ чектеринен сырткары болушу мүмкүн. Биз сиз берип жаткан маалыматтардын тийиштүү түрдө Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык корголушун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөбүз. Эгер сиздин маалыматтар Европалык экономикалык аймактан тышкары жайгашкан өлкөлөргө берилсе, биз ЕБ Комиссиясы тарабынан берилген маалыматтарды коргоо жөнүндө стандарттуу жоболор, ЕБ шайкештик резолюциясы же ЕБ-АКШ купуялуулукту коргоо боюнча программа сыяктуу тийиштүү кепилдиктер аркылуу маалыматтардын тийиштүү деңгээлде корголушун камсыздайбыз.

Маалыматтардын коопсуздугу

Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды мыйзамсыз колдонуудан, жоготуудан, жок кылуудан же ыйгарым укуксуз жактардын маалыматтарга жеткиликтүүлүгүнө каршы коргоо үчүн техникалык жана уюштуруучулук коопсуздук чараларын колдонобуз. Биздин коопсуздук чараларыбыз учурдагы техникалык деңгээлге ылайык келет.

Жалпы укуктар

Маалыматтардын субъекти катары Сизге сунушталуучу ар кандай укуктар тууралуу Сизге билдиргибиз келет (Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 4-беренеси (1) № 1). Өзүңүздүн укуктарыңыз тууралуу кененирээк маалыматты Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 15-21 беренелеринен жана Маалыматтарды коргоо жөнүндө федералдык мыйзамдын 32-37-беренелеринен тапсаңыз болот.

Укуктарыңызды жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтардын коопсуздугу боюнча биздин адисибиз менен байланышыңыз. Бул Купуялуулук саясатынын үстүңкү бөлүгүндө анын байланыш маалыматтары орун алган.

Жеткиликтүүлүк укугу

Сиздин жеке маалыматтарыңыздын кайсынысын биз чогултуп, иштеп чыкканыбыз тууралуу маалыматты суратып алууга укуктуусуз. Буга мындай маалыматтарды колдонуунун максаттары жана бул маалыматтар сакталган мөөнөттүн узактыгы тууралуу маалымат, ошондой эле бул маалыматтарды алуучулар же алуучулардын категориялары тууралуу маалымат кирет. Мындан тышкары, иштелип жаткан жеке маалыматтардын көчүрмөсүн алуу укугуңуз бар.

Маалыматтарды оңдоо укугу

Кандайдыр бир жери же толугу менен так болбогон жеке маалыматтарды оңдоону талап кылууга укуктуусуз. Сиз ошондой эле толук эмес жеке маалыматтарды толтурууга укугуңуз бар. Эгерде мыйзам боюнча талап кылынса, биз Сиздин оңдолгон жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга жиберебиз.

Жеке маалыматтарды өчүрүү укугу («Унуткаруу укугу»)

Төмөнкү шарттардын бири болсо, Сиздин жеке маалыматтарыңызды өчүрүүнү бизден талап кылууга укуктуусуз:

  • Сиздин жеке маалыматтарыңыз алар чогултулган максаттар боюнча мындан ары керек эмес болсо же башкача жол менен иштелип чыкса, же максат ишке ашса;
  • Макулдугуңузду алып кетсеңиз жана кийин маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн башка мыйзамдуу негиздер жок болсо;
  • Иштеп чыгууга каршы чыксаңыз жана иштеп чыгуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок болсо;
  • Эгерде жеке маалыматтар түздөн-түз маркетинг максатында иштелип атса, иштеп чыгууну токтотуу үчүн Сиздин каршы пикириңиз жетиштүү;
  • Сиздин жеке маалыматтарыңыз мыйзамсыз түрдө иштелип чыкса;

Эсиңизде болсун, Сиздин өчүрүү укугуңуз мыйзам менен чектелүү болушу мүмкүн. Юридикалык чектөөлөргө, башкалардан сырткары, Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 17-беренеси (3) жана Маалыматтарды коргоо жөнүндө федералдык мыйзамдын § 35 кирет.

Иштеп чыгууну чектөө укугу

Төмөнкү шарттардын бири бар болсо, иштеп чыгуу боюнча чектөөнү бизден талап кылууга укуктуусуз:

  • Убакыттын белгилүү бир мезгилинде жеке маалыматтарыңыздын аныктыгын талашып жатсаңыз, ал учурда биз жеке маалыматтардын аныктыгын текшере алабыз;
  • Иштеп чыгуу мыйзамсыз болсо жана Сиз жеке маалыматтарды өчүрүүгө каршы болсоңуз жана анын ордуна колдонууну чектөө талабын коюп жатсаңыз;
  • Иштеп чыгуунун максаттары үчүн жеке маалыматтар бизге мындан ары керек болбосо, бирок соттук доолорду ачуу, аткаруу же коргоо үчүн Сизге жеке маалыматтар керек болуп жатса, же
  • Сиз иштеп чыгууга каршы чыксаңыз, бирок биздин мыйзамдуу негиздер Сиздикинен артыкчылыктуу болуп болбогонун текшерүү карала элек болсо;

Иштеп чыгууга чектөөнү алардан мурун жогоруда аталган себептер боюнча чектөө тууралуу Сизге билдиребиз.

Макулдукту артка алуу

Кийин күчүнө кириши үчүн каалаган учурда макулдугуңузду артка алууга укуктуусуз. Макулдукту артка алуу тууралуу Сиздин билдирүүңүз кандайдыр бир формалдуу талаптарга дал келүүсү зарыл эмес. Сиз жөн гана расмий болбогон билдирүүнү жогоруда орун алган байланыш даректерине жиберсеңиз болот. Бул ошондой эле Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламент (GDPR) күчүнө киргенге чейин (тагыраак айтканда 2018-ж. 25-майына чейин) тапшырылган макулдукка да тиешелүү. Макулдукту артка алуу ага чейинки иштеп чыгуунун мыйзамдуулугуна таасир бербейт.

Маалыматтарды өткөрүп берүү укугу

Сизге тиешелүү жана түзүмдөлгөн, жалпы жана машина окуй ала турган форматта Сиз тараптан берилген жеке маалыматтарды алууга жана бул маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуктуусуз. Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 20-беренесинен толук маалымат жана чектөөлөр тууралуу корутундуну берсеңиз болот. Маалыматтарды өткөрүп берүү укугуңузду жүзөгө ашыруу Сиздин маалыматтарды өчүрүү укугуңузга эч кандай таасир бербейт.

Көзөмөлдөө органына даттануу келтирүү укугу

Эгерде Сиздин жеке маалыматтарды биздин иштеп чыгуубуз маалыматтарды коргоо жөнүндө колдонулган мыйзамдарды бузуп жатат деп эсептесеңиз, компетенттүү көзөмөлдөө органына, айрыкча, Берлиндеги маалыматты коргоо жана эркиндик боюнча ыйгарым укуктуу органга же Сиз жашаган, иштеген жер же маалыматтарды коргоо бузулуп жаткан жер боюнча мүчө мамлекеттин көзөмөлдөө органына даттануу келтирүүгө укуктуусуз.

Каршы чыгуу укугу

Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 21-беренесине ылайык, эгерде биз Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламенттин (GDPR) 6-беренесине (1) (f) негиздеп жатсак, Сиздин белгилүү бир кырдаалыңызга байланыштуу себептер боюнча Сиздин жеке маалыматарыңызды иштеп чыгууга каалаган учурда каршы чыксаңыз болот. Эгерде Сиз каршы болсоңуз, биз мындан ары Сиздин жеке маалыматтарыңызды иштеп чыкпайбыз, буга төмөнкү учурлар кирбейт:

Сиздин кызыкчылыктарыңыздан, укуктарыңыздан жана эркиндигиңизден артыкчылыктуу болгон иштеп чыгуу үчүн олуттуу мыйзамдуу себептерди биз түздөн-түз көрсөтө алсак, же

Иштеп чыгуу соттук доолорду ачуу, аткаруу же коргоо үчүн керектүү болсо.

Ошондой эле, Сиздин маалыматтарыңызды түздөн-түз маркетинг максатында колдонуп жатсак, Сиздин жеке маалыматтарыңызды аталган максат үчүн иштеп чыгууга каршы чыгуу укугуңуз бар. Түздөн-түз маркетинг үчүн Сиздин жеке маалыматтарыңызды биздин иштеп чыгуубузга каршы болсоңуз, биз мындан ары бул максат үчүн Сиздин жеке маалыматтарыңызды колдонбойбуз.

Акыркы жаңыртылган: Февраль 2021

Кийинки темалар