Биздин эл аралык экспертиза
Бүткүл дүйнөдө иштеген МЕНАРИНИ Групп (MENARINI Group) алкагында, БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) Борбордук жана Чыгыш Европада, ошондой эле КМШ аймагында 30дан ашык өлкөгө жоопкерчиликтүү. Көпчүлүк өлкөлөрдө БЕРЛИН-ХЕМИге (BERLIN-CHEMIE) туунду компаниялар же кеңселер өкүлчүлүк кылат.
Ден соолукка кам көрүү секторунда ишенимдүү өнөктөш катары, бул аймактардагы комплекстүү ден соолук саясаттарынын тапшырмалары чечүүгө өнүмдөрүбүз жана билгендерибиз аркылуу салым кошууга ниеттенебиз. Ушул максатта, БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) көптөгөн өлкөлөрдө өнөктөштүктү бардык деңгээлдерде орнотту.
Жергиликтүү жумушчуларыбыз өндүрүшүбүзгө данакер болот. Мотивациясы жогору жана окуудан өткөн жумушчулар МЕНАРИНИ Групптун (MENARINI Group) изилдөөсүнөн чыккан инновациялык өнүмдөргө жана каттоо, маркетинг үчүн салттуу жана сыноодон өткөн дарыларга ишенет.
Эле аралык жумушчуларыбыз менен БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) башкы кеңсесинин ортосундагы ийгиликтүү кызматташуу Берлинде документтештирүүгө, өнүмдү жана өндүрүштү пландоого, ошондой эле ар кандай убакыт жана климат алкактарында ийкемдүү логистика жүргүзүүгө шарт түзөт.
БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компанияларынын жайгашкан жерлери
Бардык БЕРЛИН-ХЕМИ (BERLIN-CHEMIE) компанияларынын жайгашкан жерлерин бул жерден табасыз: