BERLIN-CHEMIE биздин социалдык жана экологиялык баалуулуктарды тааныган жана ошого жараша иш-аракет кылган бизнес өнөктөштөр менен иштөөгө умтулат.
Өзүбүздүкү менен кошо кардарларыбыздын да күтүүлөрүн канааттандыруу үчүн биз BERLIN-CHEMIE'де эл аралык туруктуулук талаптарын эске алабыз. Андан башка, биз Германиянын химиялык өнөр жайынын (Chemie³) туруктуулук демилгесин колдойбуз жана химиялык-фармацевтикалык тармакта туруктуу өнүгүүгө умтулабыз.
Биз ошондой эле бул жоопкерчиликке өзүбүздүн камсыздоочуларыбызды коштук. Бардык камсыздоо мамилелери үчүн, биз ушундайча бизнес-өнөктөштөр үчүн BERLIN-CHEMIE эрежелер жыйындысын камсыздоочу тарабынан кабыл алуусун бизнес мамилелери үчүн милдеттүү негиз катары карайбыз.
Menarini Tобунунун жүрүм-турум кодексинин жетектөөчү принциптерине ылайык келген ушул өнөктөштөр үчүн эрежелер жыйындысы менен, биз социалдык, экологиялык, этикалык жана коомдук жоопкерчилик чөйрөлөрүндө минималдуу стандарттарды белгилейбиз.